• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КТРКнын башкы директорлугуна үч адам талапкер болууда

Коом 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директор кызматына үч адам талапкер болууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КТРКнын Байкоочу кеңешинен билдиришти.

Арыздар Адил Турдукулов, Казакбай уулу Замирбек жана дагы бир талапкерден келип түшкөн. Акыркы адам конвертте атын көрсөткөн эмес.

Билдирүүлөр Байкоочу кеңештин жыйынында 18-февралда ачылат.

Жыйын ачык түрдө өтүп, саат 17:00дө башталат.

Эскерте кетсек, КТРКнын Байкоочу кеңеши 2019-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматына ачык сынак жарыялаган. Сынакка катышуучу талапкерлер 2019-жылдын 18-февраль күнү саат 17.00гө чейин КТРКнын Байкоочу кеңешинин катчылыгына (Кыргыз Республикасы, 720010, Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары 59) документтерин жабык конвертке салып, "КР КТРК башкы директору кызматы сынагына" деген белги менен жөнөтүү керек.

Пикир

Оставить комментарий