• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КТРКнын директору болгусу келгендердин саны 13 жетти

Коом 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. КТРКнын башкы директору кызматы үчүн 13 талапкер арызын берди, - деп жазылат телеканалдын расмий сайтында.

Маалыматтарга караганда, бүгүн саат 17:00дө арыздарды кабыл алуу аяктайт. Талапкерлердин аттары арыздар кутучадан алынгандан кийин гана белгилүү болот. "Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт.

Сынак КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу 18-январда жарыяланган. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын курамында учурда алты телеканал бар.

Азыркы тапта “Коомдук биринчи канал”, “КТРК Музыка”, “Маданият-Тарых-Тил”, “Баластан”, “КТРК Спорт” жана “Ала-Тоо 24” обого чыгууда.

Ошондой эле, КТРКнын Кыргыз радио бирикмесинде “Биринчи радио”, “Кыргыз радиосу”, “Миң кыял”, “Достук”, "Балдар FM" радиолору бар.

Пикир

Оставить комментарий