• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамкурулуш: Жай айларында 4 мектептин курулушу аяктайт

Коом 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Сауд өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынан каржыланган “27 мамлекеттик мектепти куруу” долбоорун ишке ашыруу план боюнча жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, мектептердин курулушу өлкөнүн бардык аймактарында жүрүп, 7 миң 625 окуучулук орун менен камсыздоого шарт түзөт. Ош облусу боюнча 6 билим берүү объектиси, Чүй облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 3, Жалал-Абад облусунда - 3, Нарын облусунда 3, Баткен облусунда 3 жана Талас облусунда 2 мектеп курулуп жатат.

Бекитилген план боюнча, бардык 27 билим берүү объектилери жылдын аягына чейин курулуп бүткѳрүлѳт. Ал эми быйылкы жылдын жай айына карата 4 мектептин курулушу аяктай т. Алар - Нарын облусунун Бугучу айылындагы 150 орундуу мектеп, Ош облусунун Маданият жана Чек - Абад айылдарындагы 150 орундан эсептелген 2 мектеп, жана Жалал-Абад облусунун Кызыл-Ата айылындагы 1 мектеп.

Бул объекттердин тендер боюнча жалпы сметалык наркы 25 млн 747 миң 542 АКШ долларын түзөт. Анын ичинен бүгүнкү күндө фонд тарабынан 14 млн 500 миң АКШ доллары каржыланган, ал эми подряддык уюмдар тарабынан аткарылган иштин көлөмү ылайык, 18 млн доллардан ашык акча өздөштүрүлгөн.

Координациялык топтун башкы инженери, Токон Сатышев баса белгилегендей, долбоорду ишке ашырууда, обьектилердин куруулушунун сапатына жана баарыдан мурда пайдаланылып жаткан курулуш материалдар, буюмдар жана конструкциялардын сапатына жогору көңүл бурулат. “Күн сайын объекттерде техникалык көзөмөлдөө бар, алар бардык курулуш материалдарынын кириш сертификациялык контролун жүргүзүшөт жана сапаты күбөлөндүргөн паспорттору бар болгондон кийин гана курулуш-монтаждоо иштерине колдонулат", - деди ал.

«Мындан тышкары зарыл техникалык документтер өз убагында жасалып жана тариздѳѳчү жумуштарды аткаруунун талаптагыдай сапатын ырастаган оң корутундулар түзүлөт. Ошондой эле бетон, металл жана кирпичтер боюнча бардык иштер лабораториялык сыноолордон милдеттүү түрдө өтөт. Бул жумуштардын баардыгына актылар түзүлүп, мезгил аралык кабыл алуудан өтөт", - дейт Сатышев.

Пикир

Оставить комментарий