• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбек Кулубаев ТИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-июнда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев министрликтин Борбордук аппаратынын кызматкерлери, улук, орто жана кенже дипломаттар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр КР президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинети тарабынан жакынкы жана узак мөөнөткө коюлган милдеттердин контекстинде Тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгүндөгү негизги артыкчылыктарды, ошондой эле кризиске каршы программаны ишке ашырууну белгиледи. Ал өзгөчө өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Коллективдин күнүмдүк ишине токтолуп, аткаруучулук жана эмгек тартибин, тарбиялык жана насаатчылык иштерин күчөтүү зарылдыгын, кыргыз дипломаттарынын системалуу профессионалдык жактан өсүшүн жана кадрлар менен максатка умтулган иштерди жүргүзүүнүн маанилүүгүн айрыкча белгиледи. Ошол эле учурда министрдин айтымында, дипломаттардын компетенттүүлүгү көпчүлүк учурда өлкөнүн имиджин түзөт.

Министр белгилегендей, дипломаттар маселелердин кеңири чөйрөсү менен алектенгендигинен, алар документтерди сапаттуу даярдап, башка өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын эске алуу менен көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуштап, эл аралык аренада Кыргызстанды татыктуу көрсөтүү үчүн жакшы сүйлөшүүчү жана талдоочу болушу керек. Ошону менен бирге министр Ж.Кулубаев дипломаттар өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө өздөрүн татыксыз алып жүрүшкөн же Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгын начар коргогон бир катар конкреттүү мисалдарды келтирди.

Ал дипломаттардын ишине болгон мамиле, аларды тандоо жана карьералык өсүш критерийлери кайрадан карала тургандыгын баса белгиледи. Министр катышуучуларга өлкөнүн алдында турган милдеттерди эске алуу менен КР Тышкы иштер министрлигинин түзүмүн реформалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Жолугушууда Ж.Кулубаев иш-чаранын катышуучуларынын суроолоруна да жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий