• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Курбанбай Искандаров: Кыргыз жеринин бир да метри Өзбекстанга берилген жок

Коом 0

Бишкек, 15.09.17. /Кабар/. Кыргыз жеринин бир да метри коңшу Өзбекстанга берилген жок жана берилбейт да, ошондой эле өзбек жеринин бир да метрин алган жокпуз, албайбыз да. Чек ара боюнча бардык келишимдер мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча комиссиянын 17 жылдык үзүрлүү эмгегинин жана буга чейинки документтердин алкагында жетишилди. Мындай билдирүүнү бүгүн КР өкмөтүнүн аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров коомдук биринчи каналда билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан менен Кыргызстандын мамилелери кыйла жакшыруусу делимитациялоо, демаркациялоо жана чек ара маселелерин чечүүгө зор түрткү берди.

“Эки президенттин саясий эркинин, премьер-министрлердин жана КР жана ӨР ортосундагы жумушчу топтун уюшкан иштеринин натыйжасында чийилбеген 1 миң 170 км тилкени түшүрүүгө мүмкүн болду. Учурда 219 км чек ара чийиле элек. 20сында Өзбекстандан делегациянын келишин күтүүдөбүз. Алар менен калган чечилбеген чек ара тилкелерин талкуулайбыз. Мындан тышкары, “Достук” өткөрмө-көзөмөл пункту боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишип, чек араны ачтык. Эми эки өлкөнүн жарандары чек арадан тынчсыздануусуз өтө алышат, соода-экономикалык мамилелер жөнгө салынууда. Эсиңиздерде чыгаар, бир нече жыл мурда чек арадан өтүү үчүн толтура документтер, чакыруу жана телеграмма керек болгон. Эми мунун баары жок, элдерибиз бул окуяга кубанып турат”, -деди ал.

Социалдык тармактарда тараган имиштерге байланыштуу К.Искандаров туулган жеринин бир үзүмүн сатуу энесин сатууга тете экенин белгиледи.

“Биз чек араларды делимитациялоо иштерин бир нече жылдардан бери жүргүзүп келебиз. Бул мезгилде биз бир да жолу жерлерибизди берип же сатканыбыз жок. Комиссиянын бардык 30 ашык мүчөсү чыныгы мекенчилдер, алар мындайга жол беришпейт. Биздин ишибиздин кынтыгы болсо Кудай берсин жазабызды. Мындай ушактарды чыгаргандарды да Жараткан жазаласын”, -деп жыйынтыктады ал.

Белгилей кетсек, WhatsApp каналы аркылуу президент А.Атамбаев президент Ш.Мирзиеев Кыргызстанда жашаган өзбектерди С.Жээнбековго добуш берүүгө чакыруусу үчүн кыргыз жерлерин Өзбекстанга бергени тууралуу маалымат активдүү тарап жатат.

Пикир

Оставить комментарий