• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Курултай: Кыргызстанга оң рулдуу унаалардын кирүүсүнө уруксат берүү сунушталды

Курултай 0

Бишкек, 25.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди.

Нарын облусунун Нарын районунун Орто-Нура айылынан келген Акназар Акматалиев Кыргызстанда унаалардын көбүнүн эскилиги жеткенин айтты.

“Кыргызстандын жаштарынын атынан оң рулдуу унаалардын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берүүнү эл алдында добушка коюңузду суранабыз. Менин атамдан улуу автоунаалар дагы миллион сомго сатылууда. Аны сатып алып, эки жыл айдагандан кийин кайра темирге өткөрөбүз. Ушунча акчага алып жаткандыктан жакшы унаа алгыбыз келет”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте өтүп жаткан биринчи Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий