• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз бал өндүрүүчүлөрү Дохада өтүп жаткан эл аралык бал көргөзмө-жармаңкесине катышууда

Коом 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын бал өндүрүүчүлөрү Катарда өтүп жаткан “Сук Вакиф 2020” Эл аралык бал көргөзмө-жармаңкесине катышууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жармаңкеге кыргыз балын өндүрүп жана аны экспорттоочу «GIMNILI», "Маңыз", "Balary, “Kyrgyz Honey” жана “Nocturne” компанияларынын өкүлдөрү катышууда. Ага катышуу Кыргызстандын Катардагы элчилигинин жардамы менен мүмкүн болду.

Жармаңке Доха шаарында өтүүдө, ал 30-январдан 8-февралга чейин уланат.

Аталган иш-чара Катар мамлекетинин Соода жана өнөр жай, Муниципалитеттер жана айлана чөйра министрликтери тарабынан уюштурулуп, ага 37 өлкөдөн келген 150 компания катышып жатат.

Кыргызстандын атынан келген катышуучулар, көргөзмөнүн конокторунун арасында популярдуулукка ээ болгон ар түрдүү бал сортторун көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий