• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

30-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.12.17. /Кабар/. 2017-жылдын 29-декабрында жаап өткөн карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 121-138 чакырымдары жана Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайынын 198-265 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя авто унаа жолунун 65-97 чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш авто унаа жолунун 1-9 чакырымдары кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 30-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6;

Талас облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7;

Баткен облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5;

Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -1...-6 градуска чейин жогорулайт.

Маалыматка ылайык, 30-31-декабрда жана 1-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Пикир

Оставить комментарий