• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

25-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 13…18, Таласта 12…17, Ысык-Көл облусунда 11…16 градус, Нарында 9…14 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 15…20 градус болот.

Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы 14…16 градус жылуу болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий