• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги "Тунгуч" кичирайонунда желим бактар отургузулду — мэриянын жообу

Коом 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Бишкектеги "Тунгуч" кичирайонунда желим бактар отургузулганын "Арча" коомдук фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган фондго "Тунгуч" кичирайонунун тургундары нааразычылыгын билдирип кайрылышкан.

"Биз дагы "Бишкекжашылдандыруу" ишканасынын карамагындагы жерге желим бактарды отургузулгандыгына нааразыбыз. Анткени бул жерге көчөт отургузганга ылайыктуу жер: жетиштүү аймак, ирригация жана үстүндө электр зымдары жок. Желим бактарды отургузуу кимдин демилгеси болгонун билүүгө ынтызарбыз", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматында, желим бактар №1 үйдүн тургундары тарабынан 2019-жылы жакшыртуу жана эстетикалык көрүнүштү түзүү максатында отургузулган. Ошондой эле алар кечинде тротуарды жарыктандырып турат. Бак муниципалитеттин аймагында отургузулган.

Пикир

Оставить комментарий