• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында «Балдар жана каникул» акциясы өттү

Коом 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Жаңы жылдык майрамдарда жана каникул учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо (ЖКККББ) жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте «Балдар жана каникул» аталыштагы акция өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББсынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаш өспүрүмдөр майрам күндөрү жана каникул учурунда көп убактысын көчөдө өткөрүшөт. Айдоочуларга унааларды чектелген ылдамдыктан ашырбоого, жол сызыктарына жана белгилерине, жол чырактарынын белгилерине көңүл бурууларын эскертишти.

Өзгөчө коомдук транспорттун аялдамаларынан, жөө жүргүнчүлөр өткөөлдөрүнөн, сейил бактардан, скверлерде, балдар аянтчаларынан, соода борборлорунун айланасынан өтүүдө өзгөчө сак болуулары эскертилди. Ал эми жөө жүргүнчүлөргө жолдо жүрүүдө жолдун кыймылдуу бөлүгүнөн өтүүдө жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөрдөн өтүүлөрүн, күндүн караңгы убакыттарда жарык чагылдыруучу элементтерин колдонуулары сунушталды. Акциянын жүрүшүндө акциянын катышуучуларына жол эрежелери камтылган баракчалар, буклеттер жана жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Эске салсак, коомдук жайларда коопсуздукту сактоодо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамынын ишмердүүлүгү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий