• 88.68
  • 95
  • 0.95

Энергетика министринин орун басары Москва шаарындагы кыргызстандык ишкерлер менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Россиянын Москва шаарындагы кыргызстандык ишкерлердин КР энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Бакыт Дегенбаев менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчиликтин көмөгү астында аталган иш-чарага катышууга Москва шаарынын кыргыз ишкерлери, Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү, “Кыргыз конгресси”, “Кыргыз биримдиги” жана башка жеңил өнөр жай тармагында иш алып барган диаспора бирикмелеринен ири жана эң тажрыйбалуу кыргыз ишкерлери чакырылды.

Жолугушуунун негизги максаты - текстиль жана тигүү өндүрүшү жаатындагы кыргыз ишкерлер коомчулугунун мындан ары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо болду.

Москвадагы кыргыз тигүүчүлөрүнүн жана текстиль сатуучуларынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен иштин артыкчылыгы аныкталды, ыкчам маалымат алмашуу жана мүмкүн болгон колдоо көрсөтүү үчүн мындай жолугушууларды өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Бакыт Дегенбаев Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын абалы, аны өнүктүрүүнүн пландары, кыргыз ишкерлерин ар тараптуу колдоо боюнча көрүнүштөр жөнүндө жалпы маалымат менен тааныштырды, ошондой эле КР Энергетика жана өнөр жай министрлиги жигердүү байланышта болууга, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө, биргелешкен иштерди жүргүзүү үчүн чыгармачыл жана жаңы ыкмаларды издөөгө даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары, кыргыз-россия соода жүгүртүүсүн өркүндөтүү жана мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүдө кыргыз ишкерлеринин катышуусунун маанилүүлүгүнөн улам, мындай иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүп туруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө бир пикирге келишти.

Пикир

Оставить комментарий