• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Табигый кырсыктан 13,4 миң кожолук корголду

Коом 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

Эскерте кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу иштери солгундалбашын тиешелүү башкармалыктын жетекчилерине тапшырма берген. Мерчемделген объектилердин арасынан оорчунду жана кечиктирилгис жумуштар аткарылышы зарылчылыгы бар объектилерде жумуш жүрүүдө.

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2020-жылга карата болжолдуу-планы 44 объектте иш мерчемделип (3 объект кошумча), 7 ай ичинде 42 объектте жумуш жүргүзүлгөн.

Натыйжада биринчи багыт боюнча 25 объект пайдаланууга берилип, 4 көпүрө, 1 жөө адамдар өтүүчү көпүрө, 8 шпора, 2985 пм дамба, 78 метр т/б коргоочу тосмо (подпорная стенка), 285 м сел өткөрүүчү канал курулду жана 35 миң 600 м3 селканалар тазаланды. Жыйынтыгында 2 миң 852 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болду, 7 миң 714 кожолук жана 3 миң 781 га айыл чарба аянттары табигый кырсыктардан корголду.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты - “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2020-жылдагы болжолдуу-планына 312 обьект киргизилип, 2020-жылдын 7 ай ичинде республика боюнча 243 обьекте иш-чаралар жүргүзүлүп, 196 объектиде иш бүткөн жана 32 объектиде иштер улантылууда.

Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 5 720 кожолуктун жана 2 953,3 га чарба үлүш жерлерди, 11 мектеп, 7 бала бакча, 5 ФАП, 21 ЛЭП, 7 мечит, 1 устакана, 1 стадион, 7 көпүрө, 1 насостук станция, 1 суу түтүкчө, 400 метр автоунаа жол.

Жалпысынан 356 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 285 объектиде жумуш жүрүп, 221 объектиде жумуштар бүткөн. Натыйжада жалпысынан 13 434 кожолуктун жана 6 734,3 га чарба аянттары, 11 мектеп, 7 бала бакча, 5 ФАП, 21 ЛЭП, 7 мечит, 1 устакана, 1 стадион, 7 көпүрө, 1 насостук станция, 1 суу түтүкчө корголуп, 2 852 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болду.

Пикир

Оставить комментарий