• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек ара жаңжалында «Головной» каналында милдеттерин аткарган аскерлер Ысык-Көлдө кесиптештери менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш кызматкерлери 28-29-апрелде Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда «Головной» суу бөлүштүрүү жайында өз милдетин так жана абийирдүүлүк менен аткарган КР ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары менен жолугушту. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ИИМдин «Аалам» пансионатында эс алып, медициналык дарылоодон өтүп жаткан 11 аскер кызматчысы катышты.

"Алар ошол күндөрү биринчилерден болуп куралдуу соккуга каршылык көрсөтүп, республиканын өзгөчө кайтарууга алынган объектисин коргоп калууга үлгүрүшкөн. Милициянын жаш муунунун өкүлдөрү жолугушууга катышкан сыймыктуу кесиптештерин кызыгуу менен угуп, аларга көптөгөн суроолорун беришти. Өз кезегинде ички аскерлердин жоокерлери ошол мезгилдеги эскерүүлөргө сүңгүп кирип, башынан өткөргөн эң кооптуу учурларды толук баяндап беришти",-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле интернет тармактарында жайылып кеткен такталбаган маалыматтарга байланыштуу дагы өз ойлорун билдиришип, бул чек ара аймагында турукташып жаткан кырдаалды кайрадан курчутуп жибериши мүмкүн деген тыянактарын айтышты. Жолугушууда жаш милиция кызматкерлери эрдикке жана мекенчилдикке чыныгы сабак алышты.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев белгилегендей, мындай жолугушууларды уюштуруу менен милициянын жаш кызматкерлерине кайраттуулуктун, тайманбастыктын жана мекенчилдиктин жогорку сапаттарын дагы бир жолу эскерте алышат.

"Ар бир үй-бүлөдө Ата Мекенди коргоого даяр эр азаматтар бар. Өлкө намысын коргогон чыныгы баатырлар арабызда жашап, эмгектенип келе жаткандыгын Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын көрсөткөн эрдиктери толук далил боло алат",-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий