• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы чемпионатта 4 медаль жеңишти

Спорт 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Беларустагы чемпионатта 4 медаль жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 24-26-июнь күндөрү Минск шаарында өттү.

Нурсултан Кеңешбеков 5000 метр аралыкта (13:55:77) алтын медаль жана 1500 метр аралыкта (3:43:63) коло байгенин ээси болду.

Ал эми Мусулман Жоломанов 1500 жана 800 метр аралыкта күмүш байгеге ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий