• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Райымбек Матраимовдун бардык мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланат — УКМК төрагасы

Коом 0


Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бардык мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы Кара-Суу базарынын соодагерлери менен болгон жолугушууда билдирди.

УКМК төрагасы Райымбек Матраимовго издөө жарыялангандыгын эске салды.

"Кыргызстандын, анын ичинде Ош облусунун тегерегиндеги бардык мал-мүлкүн мамлекеттин эсебине алабыз. Бир сотых жерин калтырбайбыз. Эми ал мурдагыдай "Раим миллион" болбойт", - деп баса белгиледи Ташиев.

УКМК төрагасы ошондой эле мындан ары Кыргызстанда Матримовдун кланы деген түшүнүк болбой тургандыгын кошумчалады.

"Матраимовдун кланын жок кылабыз деп, Ош облусунун тегерегинде эле 50гө жакын мамлекеттик орган жетекчилерин иштен алдык", - деди Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий