• 88.68
  • 95
  • 0.95

Энергетика министрлиги 600 миң "акылдуу" эсептегич сатып алат

Экономика 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Энергетика министрлиги 2024-жылы Дүйнөлүк банктын линиясы боюнча 600 миң "акылдуу" эсептегич сатып алат. Бул тууралуу ведомствонун башчысы таалайбек Ибраев 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында билдирди.

Анын айтыында, акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен авариялык абалдардын саны кыскарат.

"Энергетика министрлиги жакынкы 2 жылда бардык абоненттерди (1,5 млн) "акылдуу" эсептегичтер менен камсыз кылууну пландаштырууда, бул жылы 800 миң абонентти, 2025-жылы калган 700 миң абонентти камсыздоону пландоодо", - деди ал.

Эскерте кетсек, 2023-жылы министрлик жалпы 108 миң 996 "акылдуу" эсептегич орноткон.

Пикир

Оставить комментарий