• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкек мэриясынын алдындагы Инвестициялык кеңештин биринчи жыйыны өттү

Экономика 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын алдындагы Инвестициялык кеңештин биринчи жыйыны калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы астында өттү.

Мунципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө бизнес коомчулуктун кеңешинин экинчи төрөгасы болуп Кайрат Итибаев шайланды. Ал буга чейин Чет элдик инвесторлор ассоциациясы коомдук бирикмесинин төрөгасы болгон.

Жолугушууда катышкандар Инвестициялык кеңештин перспективдүү багыттарын жана натыйжалуу ишке ашыруу механизимдерин иштеп чыгууну талкуулашты.

Иш-чарага шаардык кызматтардын жетекчилери, бизнестин өкүлдөрү жана КР ЖК төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңешинин өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, кеңеш өткөн жылдын февраль айында борбордук муниципалитеттин алдында түзүлгөн. Борбордо бирдиктүү инвестициялык саясатты жүргүзүү менен шаардын экономикасын инвестиция тартууга багытталган. Бул консультативдик орган муниципалитетке инвестицияларды тартуу, инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу жана ишкерлерди колдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий