• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Монополияга каршы агенттик базарларды капыстан текшерүү механизмин киргизүүнү көздөөдө

Экономика 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги базарлардагы баалардын калыптанышына капыстан текшерүү укугу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, мындай чара баалардын кескин жогорулап кеткендиги байкалган учурда керек.

«Өлкөдө баалар жасалма жана негизсиз жогорулаган кезде биз капысынан текшере албайбыз. Учурда бизге Экономика жана финансы министрлигинен уруксат алууга туура келүүдө», - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий