• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиялык жактан калыптандыруу концепциясын ишке ашыруу маселеси каралды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинде мамлекет башчынын Жарлыгы тарабынан бекитилген Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиялык жактан калыптандыруу концепциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи кеңешмеси өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Кеңешменини жүрүшүндө Концепциянын негизги принциптери жана милдеттери тартууланып, аны ишке ашыруу механизмдери жана каржылоо булактары каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова документтин маанилүүлүгүн жана улуттук маданиятты, салттуу жана жалпы адамзаттык рухий-нравалык баалуулуктарды сактоо зарылдыгын белгиледи.

«Мамлекет башчы дүйнө жүзүндөгү ааламдашуу процессин эске алуу менен өлкөнүн руханий-адеп-ахлактык коопсуздугу боюнча стратегиялык маанилүү маселени көтөрдү. Ар бир мамлекеттик орган, мекеме аталган Концепцияны ишке ашыруу үчүн өз салымын кошуусу зарыл», – деди ал.

Кыргыз Республикасынын бардык министрликтерине жана ведомстволоруна өз иш-чараларынын жумушчу планын иштеп чыгуусу тапшырылды. Анын негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Концепцияны ишке ашыруу боюнча жыйынтык иш-чаралар планын даярдамакчы.

Белгилесек, Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиялык жактан калыптандыруу концепциясынын максаты жогорку моралдык ченемдерди, салттуулукту, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоо мүнөзүн өздөштүрүү сыяктуу ички саясаттын маанилүү багыттарын ишке ашыруу болуп саналат.

Концепцияны ишке ашыруу планын даярдоо үчүн курамында министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, академик, профессорлор, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик, маданий ишмерлерден турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий