• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички валюта рыногундагы жагдай туруктуу — Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын ички валюта рыногундагы абал туруктуу сакталган. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, Улуттук банк өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режимин колдонуу менен алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн текшилөө максатында валюталык тооруктарга катышат.

Азык-түлүк товарларына болгон дүйнөлүк баалардын мындан ары да өсүшү Кыргызстанда инфляцияны шарттаган негизги факторлордун бири боло тургандыгы күтүлөт. Администрациялануучу жана жөнгө салынуучу баалар менен тарифтердин өсүшү инфляцияга кошумча салымын кошот.

Тышкы чөйрөнүн өнүгүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 8 пайызга чейин жогорулатты. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча корректировкаларды киргизүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.

Улуттук банк туруктуу негизде тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт.

Пикир

Оставить комментарий