• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамлекеттик ипотекалык компания президент Садыр Жапаровдун мурдагы үйүн сатыкка койду

Коом 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК Бишкек шаары Кудайбергенов көчөсү, 81а дарегинде жайгашкан турак-жайды сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт.

Компаниянын расмий сайтында маалымдалгандай, сатуу 2021-жылы 24-декабрда саат 11:00дө өтөт. Алдын ала аукцион өткөрүлүүчү жер - Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 228.

“Мамлекеттик ипотекалык компания президент белек кылган үйдү сатыкка койду. Түшкөн акча-каражатка даяр батирлер сатып алынат. Батирлер "Менин үйүм 2021-2026" турак жай програмасынын катышуучуларына "кийин сатып алуу" механизми боюнча ижарага берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Турак-жайдын баштапкы баасы 33 млн 700 миң сом.

Эскерте кетсек, 30-сентябрда КР президенти Садыр Жапаров өзү жашап келген турак жайдын документтерин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасы Аида Төлөгөновага бекер негизде тапшырган. Ал «Менин үйүм 2021-2026» жаңы мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында «МИК» ААКсына муктаж болгондорду турак-жай менен камсыздоого жардам берүүнү каалай турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий