• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Биринчи жарым жылдыкта мигранттар 1,2 миллиард доллар акча которушкан

Экономика 0

Бишкек, 10.08.18. /Кабар/. 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында мигранттардын акча которуулары 1 миллиард 228,8 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Анын ичинен 1 миллиард 207,3 миллион доллар КМШ өлкөлөрүнөн келген. Казакстандан 1,6 миллион доллар, Россиядан 1 миллиард 205 ,9 миллион доллар, алыскы чет өлкөлөрдөн 21,3 миллион доллар, АКШдан 11,8 миллион доллар которулган.

Ал эми Кыргызстандан 238,4 миллион доллар которулган.

Пикир

Оставить комментарий