• 88.68
  • 95
  • 0.95

Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялады.

Ички иштер министрлигине атайын кызматтан багыттама келип түшкөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал Кылмыш жаза кодексинин 169-беренесинин 2 жана 3-пункттары боюнча айыпталууда

Матраимовдун кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматы барлар төмөнкү номерлер аркылуу кабар берсе болот — 0312 26-62-61, 0550 25-25-89, 0700 35-55-87.

Пикир

Оставить комментарий