• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР президентинин администрациясынын жаңы имаратын “Кыргызкурулушсервис” курат

Коом 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. КР президентинин администрациясынын административдик имаратын куруу долбоорун президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырат. Бул тууралуу президенттин админирациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Буга чейин эскиздик долбоорун иштеп чыгуу сынагын жеңип алган “Архи-Вижн” ЖЧКсы азыркы учурда долбоордук-сметалык иштерин жүргүзүүдө. Долбоорлоо аяктагандан кийин инвесторлор тартылып, түздөн-түз объектинин курулушун жүргүзө турган аткаруучу (подрядчы) аныкталат.

Жойулган Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын башка долбоорлору болгон эмес.

Эске салсак, КР президентинин Иш башкармалыгынын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо максатында “Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны жойуу жөнүндө” мамлекет башчысынын жарлыгына кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий