• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

“Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКнын мүлкүн күрөөлүктөн жеке колго мыйзамсыз өткөрүү фактылары аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. “Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКсынын (мындан ары - ККНК), азыркы “Битекс компани” ААКнын мүлкүн күрөөлүктөн жеке колго мыйзамсыз өткөрүү фактылары аныкталды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, 1997-жылы “ККНК” ААК Япония Өкмөтүнөн жана “KFW Германия” банкынан эки техникалык кредит (жабдуу) алган.

Буга байланыштуу КР Финансы министрлиги кредитор катары “ККНК” ААКсы менен 916 миң 137 немец маркасы жана 5 миллион 246 миң 600 АКШ доллары өлчөмүндө карыздык милдеттенме түзүшкөн.

2014-жылы “А.Ш.Шнын” (“Аю” холдингинин негиздөөчүсү) адамдары “ККНК” ААКсынын жана Токмок шаарында жайгашкан “Касиет КПФ” ЖЧКсынын акцияларынын контролдук пакетине ээ болушкан.

Ошону менен бирге, 2015-жылы “ККНК” ААКсы Финансы министрлигине караштуу Финансылык кредиттик фондго күрөө катары технологиялык жабдууларды жана Бишкек шаарынын Чүй проспектиси 4 дарегинде жайгашкан 4,1 га жер тилкесин берген.

Жыйынтыгында 2016-жылы “ККНК” ААК жана “КПФ Касиет” ЖЧКсынын жооптуу адамдары КР премьер-министрине кредиттик келишимди жана күрөөгө коюлган мүлктү “ККНК” ААКдан “КПФ Касиет” ЖЧКсына өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

КР өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы токтомуна ылайык, “ККНК” ААКнын 1997-жылдагы кредиттер боюнча карыздык милдеттенмеси боюнча болгон карызы мамлекетке башка күрөөлүк камсыздоо менен жалпы суммасы 519 млн.сомго “КПФ Касиет” ЖЧКсына өткөрүлүп берилип, “ККНК” ААКсынын мүлкүнөн бардык чектөөлөр алынып салынган.

Ошону менен, “ККНК” ААКны “Битекс Компани” ЖЧКсы катары кайра каттоо менен “А.Ш.Шнын” адамдары Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси 4 дарегинде жайгашкан жер участокторуна менчик укугуна ээ болгон.

Тергөөнүн жыйынтыгы жана алынган далилдердин негизинде “ККНК” ААКнын мүлктөрү, 4,1 га жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий