• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү белгиленди

Экономика 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. 2023-жылдын августунда Беларусь Республикасын кошпогондо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде керектөө бааларынын жана тарифтеринин мурунку айга салыштырмалуу жогорулашы белгиленди.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтеринин индекси өткөн айдын деңгээлинде калды.

2023-жылдын августунда 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (6,6 пайызга) Казакстан Республикасында катталды, мында азык-түлүк товарларынын баалары (5,9 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери (7,7 пайызга) эң көп жогорулаган. Ошол эле убакта Кыргыз Республикасында азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын эң көп өсүшү (8,2 пайызга) катталды.

Пикир

Оставить комментарий