• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Экономиканын калыбына келишинин таасирин биринчилерден болуп мигранттар сезди - Панкратов

Экономика 0

Бишкек, 20-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Өлкөнүн экономикасында акча которуулардын көлөмү өсүп, биринчи жарым жылдыкта 695,4 млн сомду түздү. Бул тууралуу “Кыргызстан Евразиялык экономикалык кеңеште: жыйынтыктар, суроолор жана анын перспективасы” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө вице-премьер- министр Олег Панкратов билдирди.

“Мигранттар Кыргызстан Евразестин алкагында экономикасын көтөрүп жатканын биринчилерден болуп сезишти. Буга алардын которгон каражаттарынын көлөмүнүн өсүшү далил болот. Маселен, өткөн жылга салыштырмалуу акча которуулар бул жылы 39,3% өскөн”,-дейт Панкратов.

Ошондой эле, ал Кыргызстан алгачкы жылдары ЕАЭБдин шартына адаптацияланганын айтып, өкмөт мындан ары экономикалык мүмкүндүктөрдү жогорулатууга бардык күчүн жумшайт деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий