• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Талас облусунун аймагында баңгизатты сатуу каналы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Талас облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу каналы аныкталып, бөгөт коюлду, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Н.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан алып келинген баңгизатын сатуу менен алектенгени аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Н.А.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 7,5 кг болгон өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттар (болжолдуу түрдө “Марихуана”) табылып, алынган.

Учурда соттук-химиялык экспертиза дайындалып, бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий