• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖК комитети жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып төлөөдө туумду алып салууну колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «КР айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КР кодексине, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап, жактырды.

Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген. Мыйзам долбоору тууралуу маалымат менен ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев тааныштырды.

Мыйзам долбоору жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарын жана электр менен жүрүүчү транспорт каражаттарын эксплуатациялоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу жол-жоболорун бузуулар үчүн айыптарды төлөөдө туумдарды жоюуга багытталган.

Талкууда депутат Элвира Сурабалдиева менен Султанбай Айжигитов бул мыйзам долбоорун колдошту. Депутат Таалайбек Сарыбашов “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагындагы айып пулдун жыйналышына көңүл бурду.

Ички иштер министрлигинин өкүлү белгилегендей, «Коопсуз шаар» долбоору боюнча айып пулдун чогултулушу 80%дан ашты.

Пикир

Оставить комментарий