• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы лотереянын I утушундагы эки байгенин жыйынтыгын жокко чыгарды

Экономика 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын биринчи утушундагы эки байге (iPhone 13 жана микротолкундуу меш) боюнча жыйынтыгын жокко чыгарды.

МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, лотереянын ведомстволор аралык байкоочу комиссиясы да мындай чечимге келди.

Жеңүүчүлөрдүн катышуу шарттарын сактоосун текшерүүдө аныкталгандай, эки байге ээси лотереянын талаптарын бузууга жол беришти.

Тактап айтканда, Бекмырза Улугбеков башкы бухгалтер болуп иштеген уюмдун ККМ кассалык чектерин сканерлеген. Утуш учурунда бул катышуучунун 3 билети байгелүү болуп чыкты, алардын ичинен биринчи утуш микротолкундуу меш болду. Шарттарга ылайык, кийинки эки утуш лотерея системасы тарабынан автоматтык түрдө жокко чыгарылды.

iPhone 13 байгесин утуп алган Рызвангуль Хашимова башка мамлекеттин жараны болуп саналат, бирок “Салык чек” тиркемесине катталууда лотереяга катышуу талаптарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын мөөнөтү өтүп кеткен паспортунун ЖИНин көрсөткөн.

Натыйжада, эки жеңүүчү тең утуштарын ала алышпайт.

Лотереянын шартына ылайык, берилбеген байгелер 1-октябрда боло турган экинчи турдагы байге фондуна өтөт.

Салык кызматы жарандарды толугу менен ачык жана чынчыл өткөрүлүп жаткан лотереяга катышууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясын уюштуруу жана өткөрүү шарттарына ылайык катышуучу бир катар талаптарга жооп бериши керек. Анын ичинде – 18 жаштан жогору, колдонуудагы паспорту бар Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болууга, ошондой эле пайда алуу менен байланышпаган жеке (тиричилик) муктаждыктар үчүн гана товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алган же пайдаланган керектөөчү болууга тийиш.

Белгилей кетсек, 1-июлда Ала-Тоо аянтында Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын биринчи утушу өтүп, анда туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен 52 баалуу байгелердин, анын ичинде эки автоунаанын ээлери аныкталган.

Утушка "Салык чек" тиркемеси аркылуу сканерден өткөн, кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 3 млн 449 миң 959 билет катышкан.

Лотереянын экинчи утушу 2022-жылдын октябрь айында болот. Ага 2022-жылдын 1-июлунан тартып 30-сентябрына чейин катталган кассалык чектер, ошондой эле лотереянын биринчи турунда ыйгарылып, утушка ээ болбой калган ID номерлер катышат.

Эскерте кетсек, эгерде бир билет байгелүү болгон болсо, анын ээси лотереянын кийинки этаптарына андан ары катышуу укугунан ажырайт.

Пикир

Оставить комментарий