• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын суу чарба тармагына каралган 935,6 млн сом толук каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын суу чарба тармагына каралган 935,6 млн сом каражат толук каржыланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылга Суу ресурстары кызматынын карамагындагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен баштапкы сметада 935,6 млн сом каралып, 12-декабрга карата бул каражат толук каржыланды.

Бөлүнгөн каражатка Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 634,7 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 683 гидротехникалык курулмалардын, 275 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 8 суткалык жөнгө салуучу бассейндеринин тазалоо, 105 насостук станциялардын, 172 насостук агрегаттардын оӊдоо, 23 насостук агрегаттын жаӊылоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле 223,6 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылып, натыйжада 4472 га сугат жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылды жана оңдоо-калыбына келтирүү жана механикалык тазалоо иштери жыл чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий