• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга Кытайдан 20 туристтик компаниянын өкүлдөрү келди

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Кыргызстанга күн мурун Сычуань провинциясынын Чэнду шаарынан келген биринчи учак менен Кытайдын ар кайсы провинцияларынан 20 туристтик компаниянын өкүлдөрү келди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев билдирди.

Маалыматтык тур ата мекендик "Экспресс Азия Логистика" туристтик оператору менен биргеликте уюштурулган. Анын максаты — Кыргызстандын туристтик потенциалын жогорулатуу.

"Делегация мүчөлөрү үчүн Чүй жана Ысык-Көл облустарына атайын маалыматтык турлар уюштурулган", - деди Миңбаев.

Xi'an Zhongxin International Travel Service компаниянын өкүлү Co. Ян Шэн Ли сырттагы суук аба ырайына карабастан делегация мүчөлөрү абдан кубанычта экендиктерин айтты.

Ал эми Sichuan China Youth Travel Service компаниясынын өкүлү Сю Цзя Кыргызстан менен Кытай ынак коңшулар экендигин баса белгиледи.

"Акыркы жылдары биздин кызматташтыгыбыз "Бир алкак, бир жол" демилгесинин жана "Жибек жолу" программасынын алкагында өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыкты. Кыргызстанда туристтерди өзүнө тартып турган көз жоосун алган кооз жерлер абдан көп. Биздин кызматташтыгыбыздын алкагында Кыргызстанга келчү кытайлык туристтердин агымы көбөйөт деп ишенебиз жана ошону менен бирге кыргызстандыктар да Кытайга тез-тез катташат деп үмүттөнөбүз", - деди ал.

Chengdu China Youth Travel Service компаниясынын өкүлү Юань Фан кызматташтыкты чыңдоо жана туризмди өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн чоң потенциалы бар экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий