• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасындагы маселе бир-эки күндө чечилет – премьер-министр

Саясат 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-казак чек арасындагы жагдай боюнча өз пикирин билдирди.

Абылгазиев өкмөттүн жыйынында маалымдагандай, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен үч жолу сүйлөшкөн.

"Биздин позициябыз - бул ЕАЭБге мүчө болуп киргендеги позициялар сакталышы керек. Бажы кызматтарынын жетекчилери кечээ кечинде Казакстандын премьер-министринин кабинетинде отуруп сүйлөшүштү. Натыйжасын бүгүн-эртең көрөбүз", - деп билдирди өкмөт башчы.

Болбосо Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгы үчүн келишимдерге кол койгондугун так аткаргандыгын өнөктөштөрдөн жана тарапташтардан талап кылат, деп кошумчалады Абылгазиев.

"Айрымдары бизди унчукпай жатат деп айтууда. Экономикада унчукпай чечиле турган айрым маселелер бар. Унчукпай сүйлөшүүлөр менен чечилчүү маселелер бар. Абдан кылдаттыкты талап кылган маселелер да бар. Өкмөт аны карап, байкоочу болуп турган позициясы жок. Биз өзүбүздүн деңгээлде иштеп жатабыз. Бул маселе чечилет. Муну биз Евразиялык биримдиктеги комиссиянын төрагасы менен да сүйлөштүк, туура чечимге келебиз деген ойдомун", - деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, Казакстан "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө бекетине кошумча текшерүүлөрдү киргизген, анын кесепетинен Кыргызстандык ишкерлер зыянга учурашууда.

Пикир

Оставить комментарий