• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кытай тараптын демилгеси менен 1-3-октябрь күндөрү "Торугарт" жана "Эркечтам" посттору жабык болот. Чек аранын жабылышына Кытай Эл Республикасынын негизделген күнүн майрамдоо себеп болгондугу айтылды.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрынан тарта аталган бекеттер кайрадан адаттагы режими боюнча иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий