• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 14-жыйыны өттү

Экономика 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 14-жыйыны өттү, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Жыйынды ачкан Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баса белгилегендей, комиссиянын жыйыны Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алдында өтүп жатат.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда артыкчылыктуу багыттардын бири - соода. 2018-жылы КЭР жана Кыргыз Республикасынын ортосунда товар жүгүртүү 25% өстү. Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында бул көрсөткүч 472 млн АКШ долларын түзүп, 12% көбөйгөн. Биз кыргыз продукциясын Кытайга экспорттоо боюнча жол картасына кол коюуну, ошондой эле кыргыз айыл чарба органикалык өндүрүмүн экспорттоо боюнча протоколду кароону тездетүүнү сунуштайбыз», - деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр баса белгилегендей, кыргыз-кытай өнүктүрүү фондун түзүү, агрардык өнөр жай индустриалдык парктарын ачуу жана кытай тарап аркылуу келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу иштери инвестициялар жаатын активдүү илгерилетет.

«Өндүрүш тармагына инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн эске алып, электромобилдерди чогултуп өндүрүүнү уюштуруу, Кыргыз Республикасында учурда иштеген мунайзат кайра иштетүүчү заводдорго инвестиция салуу иштерин улантуу зарыл. Бул ЕАЭБ талаптарына жана стандарттарына дал келген продукция чыгарууну камсыздайт. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын аймагында текстилдик, кен иштетүү, энергетика, өнөр жай ишканаларын ачуу келечектүү болуп саналат», - деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда жүк ташуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесин козгоду.

«Өлкөлөрүбүздүн ортосунда соода алмашууну илгерилетүү транспорттук маселелерди чечет. Биздин өнөктөштүк экономикалык мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды жана КЭРге жана кайра бери ташыган айдоочулар үчүн бөгөт болгон факторлорду четтетүү зарыл. Жаңы аба каттамдарын, биздин өлкөлөрдүн шаарлары ортосунда учууларды ачуу мүмкүндүгүн кароону сунуштайбыз», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 14-жыйынынын Протоколуна кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий