• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү

Президент 0

Бишкек, 26.11.21./Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Жыйында төрт маселе каралды: Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк, энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселелери жана ошондой эле Улуттук коопсуздук концепциясынын долбоору каралды.

Мамлекет башчысы ар бир маселе боюнча баяндама жасап, приоритеттүү жана көйгөйлүү багыттарды белгиледи. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башкалар сөз алышты.

Президент мамлекеттик органдарга ар бир маселе боюнча бир катар актуалдуу тапшырмаларды берди. Өзгөчө, 110 518 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн электр энергиясына болгон тарифти 50 тыйынга чейин төмөндөтүү зарылдыгы белгиленип, калган бөлүгү бюджеттик каражаттардын эсебинен жабыла турганы айтылды.

Садыр Жапаров ошондой эле көзөмөл жана укук коргоо органдарына энергетика тармагындагы коррупциялык абалды, фермерлерге жеңилдетилген банктык насыяларды берүү системасын жана тоо-кен тармагындагы лицензияларды берүүну иликтеп чыгууну тапшырды.

Мамлекет башчысы ишкерлерге жана инвесторлорго болгон мамилени өзгөртүп жана ошону менен бирге мамлекет тарабынан ар тараптуу толук колдоо көрсөтүү аркылуу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Коопсуздук кеңеши Кыргызстандын Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды.

Мындан сырткары, кызматтык милдеттерин канааттандыраарлык аткарбагандыгы үчүн бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине сөгүш жарыяланып, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий