• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Германиянын ортосунда айыл чарба жана энергетика тармагында кызматташууга зор мүмкүнчүлүктөр бар - Өкмөт

Экономика 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. Кыргызстан менен Германиянын ортосунда айыл чарба жана энергетика тармагында кызмматташууга зор мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев «Айыл чарба, энергия жана инновация» Кыргызстандагы Германия экономикасынын жыйынында билдиргенин Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Мухамметкалый Абулгазиев өлкөдө экинчи жолу өткөрүлүп жаткан иш чара эки тараптуу сүйлөшүүлөр үчүн жакшы аянтча болуп берерин кошумчалады.

«Бул жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын түптөлгөнүнө 25 жыл болду. Биз бул аралыкта алгылыктуу жыйынтыктарга жетише алдык. Эки тараптуу алакалардын бекемдигинин далили катары 2016-жылдын июль айында Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанда жумуш сапары менен келиши жана Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылдын февраль айында Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференциянын алкагында Германияга жумуш сапары менен барышы эсептелет», – деди Биринчи вице-премьер-министр.

Аны менен катар Биринчи вице-премьер-министр эки өлкөнү инвестиция жаатында көп ири долбоорлор бириктирип турганын жана алардын жыйытыгы эки өлкө үчүн да байкалаарлык болуп жатканын баса белгиледи.

«Биз Германия тараптын биздин өлкөгө, энергетика, билим берүү медицина, айыл чарба тармагында колдоо көрсөтүүлөрүн жогору баалайбыз. Аны менен бирге Германия биздин өлкөгө ири суммада гранттык негизги колдоо көрсөтүп келе жатат. Кыргызстан ЕАЭБдин курамына киргенден кийин 180 млн. калкы бар рынокко чыгууга жол ачылды. Бул багытта да Германия менен бирге ишке ашыра турган бир топ долбоорлор бар», -деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Жыйында Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги баштаган бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери менен Германиянын экономика, кызматташуу жана өнүгүү Федералдык министрлигинин Мамлекеттик катчысы Ханс-Йоахим Фухтель баштаган өкүлдөрү эки өлкө ортосундагы энергетика, инновация, айыл чарба тармагында ишке ашырыла турган ири долбоорлор тууралуу талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий