• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Германиянын ортосунда почталык марка колдонууга киргизилди

Коом 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-июнда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин жана Германия элчисинин орун басары Давид Вестенфельдердин катышуусунда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган почталык марканын бет ачаары өтүп, колдонууга киргизилди. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, почталык марканы Кыргызстандын Германиядагы элчилиги КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигинине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын көмөгү менен иштеп чыкты.

Министрдин орун басары Германия менен кызматташтыкты өнүктүрүү Кыргызстандын батыш багытындагы тышкы саясатында артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

Айбек Артыкбаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алкагында германиялык тарап менен биргелешкен иш-чараларга токтолуп, 13-июнда боло турган кыргыз-герман бизнес-форуму жана Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда тыгыз байланыштарды түзүүгө түрткү берерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий