• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Россия миграция жана маалымат чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтет

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Олег Храмов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн, анын ичинде аймактык эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин башчысы 2022-жыл кыргыз-орус эки тараптуу мамилелери үчүн юбилейлик жыл экенин белгиледи.

«Жогорку деңгээлдеги активдүү саясий диалог, ошондой эле тармактык өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээли эки тараптуу жана көп тараптуу форматта натыйжалуу кызматташууга өбөлгө түзөт», - деди Акылбек Жапаров.

Тараптар миграция жана маалымат чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

«2015-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке киришинин негизги артыкчылыгы – бул биздин өлкөнүн жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында уруксаат кагаздары жок иштөө мүмкүнчүлүгү болду. Учурда көптөгөн жарандарыбыз Россияда ийгиликтүү эмгектенип жатышат. Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштырууда кыйынчылыктарды баштан өткөрүүдө», - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров маектешине Россиядагы мекендештерибиздин көйгөйлөрүн чечүүгө максималдуу көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары белгилегендей, 2022-жылдын 13-октябрында Астана шаарында өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 6-саммитинде Россия Федерациясынын Президенти Азия чөлкөмүндө коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо маселелерине ар тараптуу баа берди.

Олег Храмов ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен жолугушууда миграция маселелери боюнча, анын ичинде орун алган маселелерди чечүү жолдорун табуу үчүн ведомстволор аралык кызматташуунун алкагында аракеттенүүнү улантуу боюнча макулдашууга жетишилгенин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий