• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Билим 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда тараптар 2024-жылдын 8-февралында Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү министрлеринин жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелерди талкуулашты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин алдында алдыңкы педагогикалык технологиялар институтун түзүүнү сунуштап, анда тынымсыз мугалимдерди кайра даярдоого, кесиптик квалификациясын өркүндөтүүгө жана мыкты адистерди даярдап чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле министр Түркиянын элге билим берүү борборлору боюнча тажрыйбасы жогору экендигин белгилеп, бул жаатта Кыргызстанда креативдүү борборлорду ачуу, эки өлкөнүн балдары катыша турган балдар лагерлерин уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Кеңешчи Күршат Дулкадир министрдин демилгелерин колдой тургандыгын билдирип, Түркия Республикасы Кыргызстандын мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Мында кеңешчи Түркиянын жогорку квалификациялуу кадрларын Кыргызстанга алып келип, мугалимдер үчүн окутуу уюштурууга, ошондой эле Кыргызстандын алдыңкы мугалимдерин Түркияга алып барууга болорун айтты.

Мындан сырткары, Күршат Дулкадир Кыргызстандын жалпы республикалык тестте жогору балл алган окуучуларына Түркияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий