• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркиянын өнөр жай жана технология багытындагы кызматташтыгы бекемделет

Коом 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Түркиянын өнөр жай жана технология багытындагы өз ара кызматташтыгын өнүктүрүү жана бекемдөөгө багытталган меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, документке КР энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркия Республикасынын өнөр жай жана технологиялар министри Мустафа Варанк кол койду.

Меморандум тараптардын Түркиянын Анкара шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынды.

Министр Доскул Бекмурзаев документ өнөр жай багытындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүнү шарттай турганын белгиледи.

«Кыргыз делегациясын жылуу маанайда кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүн биз соода-экономикалык алаканы бекемдөөгө негиз боло турган документке кол койдук. Бул өз кезегинде эки тараптуу мамилени гана тереңдетпестен, өнөр жай багытында тажрыйба алмашууну шарттайт», - деди ал.

Ал эми Түркия Республикасынын өнөр жай жана технологиялар министри Мустафа Варанк эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүү үчүн маанилүү кадам жасалганын белгиледи.

Жолугушууда өнөр жай багытындагы кызматташууну кеңейтүү жана Кыргызстанда Уюшулган өнөр жай зонасын түзүү боюнча сүйлөшүү жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий