• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Венгриянын стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 13.02.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров менен Венгриянын Президенти Каталин Новак бүгүн, 13-февралда Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Документтин текстинде мындай деп айтылат:

“Венгер тараптын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 13-14-февралында Венгрияга расмий сапар менен барды.

Кыргыз Республикасы менен Венгриянын делегацияларынын башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык алкагында эки мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берген кыргыз-венгер мамилелеринин абалын жана өнүктүрүү перспективаларын ар тараптан ачык жана достук маанайда талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттардагы жигердүү өз ара аракеттенүүсүн канааттануу менен белгилешти жана 1997-жылдын 1-ноябрындагы Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Кызматташуу принциптери жана багыттары жөнүндө биргелешкен декларацияда, 2020-жылдын 29-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияда каралган принциптерди жана милдеттенмелерди өзгөрүүсүз колдой турганын ырасташты.

Өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде ишенимдүү, конструктивдүү диалогду мындан ары өнүктүрүүгө чоң маани берүү менен, Тараптар стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана кеңейтүүгө ниеттерин билдиришет.

Тараптар эки тараптуу саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүнүн жана кыргыз-венгер Стратегиялык Кеңешинин алкагында ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешет.

Тараптар парламенттер аралык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүү жана чыңдоо ниетин билдиришет.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташуунун артыкчылыктуу маанисин баса белгилешет жана аны ургаалдуу күчөтүүгө умтулуусун билдиришет жана айыл чарба, өнөр жай, энергетика, жашыл, креативдүү экономика, транспорт, санариптештирүү, соода, кен казуу жана текстиль өнөр жайы тармактарында өз ара кызматташууну, анын ичинде Эркин экономикалык аймактардын ишмердиги жөнүндө тажрыйба алмашууну өнүктүрүүнү көздөшөт.

Тараптар Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун жана кеңейтүүнүн тиешелүү механизми катары жогору баалашат. Тараптар экономиканын өз ара кызыгууну жараткан артыкчылыктуу тармактарында маанилүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында Фонддун биринчи келечектүү биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу башталгандан кийин Фонддун уставдык капиталын көбөйтүү маселесин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга макулдашышты. Тараптар Фонддун ишмердигинин алкагында айыл чарба, энергетика, туризм тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнү колдошот.

Тараптар Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын алкагында жетишилген олуттуу прогрессти баса белгилеп, эки өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да арттыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ушуга байланыштуу, Тараптар Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү зарылдыгын колдошту, аны өткөрүү мөөнөтү кошумча макулдашылат, ошондой эле кыргыз-венгер Ишкерлер кеңешинин алкагында ишти улантууга макулдашышты.

Тараптар «Будапешт-Бишкек-Будапешт» багыты боюнча түз аба каттамын ачуу боюнча ишти улантууну макулдашты. Эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосунда түз аба каттамынын ачылышы инвестиция тартууга, туризмди өнүктүрүүгө жардам берет.

Тараптар кыргыз-венгер маданий-гуманитардык кызматташтыгынын активдешүүсүн кубаттап, билим берүү тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилешет. Тараптар 2023-жылдын 13-14-февралында Будапештте Кыргыз Республикасы менен Венгриянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун Биринчи форумунун өткөрүлүшүн колдошот.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Венгриянын илимий коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосундагы үзгүлтүксүз байланыштар практикасын кубатташат. Тараптар эки өлкөнүн жогорку окуу жайлары менен илимий-изилдөө институттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү, эл аралык илимий иш-чараларга бирге катышууну ар тараптан кубатташат.

Тараптар биргелешкен көргөзмөлөрдү, фестивалдарды жана башка маданий иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө, жалпы тарыхый жана маданий мурастарды сактоо жана илгерилетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Венгриянын элдерине жакын каада-салттарды жана руханий баалуулуктарды жайылтуу максатында күч-аракеттерди бириктирүүгө даяр экендигин ырасташат.

Тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарынын Венгрияда ишке орношуусу үчүн шарттардын жеңилдетилгенине позитивдүү баа беришет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Венгриянын жарандарынын, анын ичинде эмгек ишмердиги менен алектенгендердин эки өлкөнүн аймактарында болушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешет.

Тараптар глобалдык коопсуздукту жана тынчтыкты, баарын камтыган туруктуу өнүгүүнү сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү, тоо экосистемаларын жана климатты сактоо жана коргоо максатында Бириккен Улуттар Уюмунун, Европа Биримдигинин, Түрк мамлекеттердин уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даяр экендигин ырасташат.

Тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарына эки мамлекеттин талапкерлигин өз ара колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Венгрия эки мамлекеттин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында эл аралык терроризмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун ар кандай формаларына жана коопсуздуктун башка коркунучтарына каршы күрөшүүдө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты ырааттуу бекемдөөнү улантышарын белгилешти.

Тараптар болуп өткөн жемиштүү сүйлөшүүлөр жана сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтер Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк рухунда ургаалдуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүн баса белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров Венгриянын жетекчилигине, Венгриянын элине кыргыз делегациясына көрсөткөн меймандостугу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Венгриянын Президенти Каталин Новакты жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанды жооп сапарлары менен Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды. Чакыруулар ыраазычылык менен кабыл алынды”.

Пикир

Оставить комментарий