• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан жана Эл аралык миграция уюмунун өз ара кызматташуусу талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-февралда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Борбордук Азия жана жаңыдан дайындалган координатору, ЭМУнун Кыргызстандагы, Казакстандагы, Өзбекстандагы жана Түркөнстандагы миссиясынын башчысы Зейнал Гаджиев жолугушкан. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар КРнын ЭМУ менен эки тараптуу кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде, миграциялык саясат маселесин, эмгек миграциясынын жана адамдарды сатууга каршы күрөшүүнү көйгөйлөрүн талкуулашкан.

"Кыргызстан үчүн жогоруда көрсөтүлгөн маселелердин маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун эске алуу менен министр Айдарбеков ЭМУ менен кызматташууну улантуунун жана күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле миграцияны башкарууну, саясатты жана мыйзамдарды жакшыртууга багытталган программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууда КР өкмөтүнө туруктуу колдоо көрсөтүүсү, ошондой эле, аярлуу мигранттарга, анын ичинде, адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча аракеттерге көмөк көрсөтүүсү үчүн аталган уюмга ыраазычылыгын билдирди", - деп кабарлашты ведомствонун басма сөз кызматынан.

Өз кезегинде Зейнал Гаджиев кызматташтыктын учурдагы деңгээлин жогору баалады жана жарансыздыкты жоюу чөйрөсүндө КР өкмөтүнүн жүргүзгөн ийгиликтүү ишин куттуктады. Кыргызстан жарансыздык көйгөйүн толук чечкен дүйнөдө биринчи мамлекет экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий