• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан жана Катардын ИИМ башчылары коопсуздук багытында кызматташуу маселелерин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. КР ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Катар мамлекетинде кызматтык иш-сапары менен жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-январда Катар мамлекетинин борбор калаасы Доха шаарында ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевдин Катар мамлекетинин премьер-министри, ички иштер министри Абдулла бин Насир бин Халифа аль Тани менен жолугушуусу болуп өттү.

Жыйында кыргыз-катар мамлекеттеринин аймактык коопсуздук кызматташтыгы жөнүндө маселелер каралды. Жолугушуу учурунда уюшкан кылмыштуу топторго, киберкылмыштарга, баңги заттарды мыйзамсыз алып өтүүлөргө, акчаларды мыйзамсыз өндүрүүгө, терроризмге каршы туруу жана маалыматтык технологиялар жаатындагы кылмыштарга тийиштүү маселелер каралып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Аны менен катар эле, Кыргызстан жана Катар мамлекеттеринин Ички иштер министрликтеринин артыкчылыктуу кызматташуусунун алкагында эл аралык кылмыштарды алдын алуу, күч структураларынын тажрыйба алмашуу багытында иш алып баруу жана келечектеги кызматташуунун практикалык багыттары каралды. Алдыдагы кызматташуулар жемиштүү болуп, мамлекеттер аралык мамилелер багытында күч органдарынын мыйзамдуулукту камсыз кылуусун жогорку деңгээлде уюштуруу иш-чаралары макулдашылды.

Ошондой эле, Кашкар Жунушалиев Катар мамлекетинин Ички иштер министрлигинин бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнө баш багып алардын кылмыштардын бетин ачуудагы, коомдук тартип сактоодогу техникалык жабдуулары жана методдору менен таанышып өттү.

Кызматтык иш сапар учурунда Кыргыз Республикасынын жана Катар мамлекетинин Ички иштер министрликтеринин эл аралык өз ара кызматташуусунун жаңы баскычтары кеңири талкууга алынды. Ошондой эле эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтында каралган маселелерди ишке ашырууну камтыган иш чаралардын негизги багыттары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий