• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 1-март кесиптик майрам – Адвокаттар (жактоочулар) күнү болуп белгиленди

Коом 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кесиптик майрамды – Кыргыз Республикасынын Адвокаттар (жактоочулар) күнүн белгилөө жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, Кыргыз Республикасында адвокаттын статусун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 1-март жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрам – Кыргыз Республикасынын Адвокаттар (жактоочулар) күнү болуп белгиленсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий