• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 10 айда өнөр жай продукцияларынын көлөмү 274 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10 айында Кыргызстанда өнөр жай продукцияларынын көлөмү 274 млрд сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук статистикалык комитетинин ирилештирилген иштер, байланыш жана маалымат таркатуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 0,2 пайызга жогорулады, буга себеп тазаланган мунайзат өндүрүшүндө (54,5 пайызга), муну менен катар, резина жана пластмасса буюмдарынын, башка металл эмес минерал продуктулар өндүрүшүндө (49,5 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдар өндүрүшүндө, полиграфиялык ишмердикте (29,9 пайызга), пайдалуу кендерди казуу өндүрүшүндө (18,9 пайызга), ошондой эле тамак-аш (анын ичинде суусундуктар) азыктарын жана тамеки өндүрүүдө (14,0 пайызга), көлөмдөрдүн жогорулаганы белгиленди.

«Курулуш жана айыл чарба тармактарында төмөндөөлөр байкалды, алардын көлөмү курулушта – 5,0 пайызга, айыл чарбасында – 4,4 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда дүң жана чекене соода, жүгүртүүдө тескерисинче, көлөмдүн 10,2 пайызга өсүшү белгиленди», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий