• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 10-сентябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда 10-сентябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий