• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 14-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 14-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4..+9, Талас облусунда +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл облусунда 0...+5 жылуу болсо, Нарын облусунда -3...-8 градуска төмөндөшү күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +4...+6 градуска жетет.


Пикир

Оставить комментарий