• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: аба ырайы бузулат

Коом 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. 10-12-апрелде Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт, - деп билдирет ӨКМ кызматы. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

2019-жылдын 8-апрелинде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 132-135 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 76-92 чакырымдарында кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы кыймылдын чектелиши 500 метр аралыкты камтышы зарыл.

Пикир

Оставить комментарий